Борбордук Азиянын келечегин түптөө үчүн ишкер аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү
2024-ж., 15-November
Бишкек, 15 ноябрь 2024 – 2024-жылдын 15-ноябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Экономика министрлиги, БУУнун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП), БУУнун Аялдар уюму, БУУнун Борбордук Азия үчүн Превентивдүү дипломатия боюнча аймактык борбору жана башка негизги өнөктөштөр Борбордук Азия диалогунун жыйынын жана ЭКСПО “Аялдардын ишкердиги 2024” көргөзмөсүн өткөрүштү. Иш-чара Борбор Азия өлкөлөрүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн тездетүү үчүн Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандан ишкерлик, инновация жана ойлоп табуу тармагындагы лидер аялдардын башын бириктирди.
Жолугушуунун негизги максаты - ишкер аялдарды, новаторлорду жана окумуштууларды колдоо үчүн жандуу экосистеманы түзүүгө салым кошуу. Бул Борбор Азиядагы жана Афганистандагы ЭКСПО-2024 “Аялдардын ишкердиги” көргөзмөсүнө катышуу жана потенциалдуу инвесторлор менен бизнес байланыштарды түзүүдө Инновациялар менен аялдардын ишкердиги үчүн Борбордук Азия Фондунун платформасын түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу аркылуу ишкер аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү камтыйт.
ЭКСПО “Аялдардын ишкердиги 2024” көргөзмөсүндө Борбор Азия өлкөлөрүндөгү аялдардын бизнес демилгелери жаатындагы жетишкендиктер көрсөтүлдү.
Борбордук Азия форумунун жыйынтыктоочу жыйыны Кыргыз Республикасынын төрагалыгы учурундагы жолугушууларды кароого багытталды. Лидер аялдардын бул жыйынтыктоочу жыйынынын жүрүшүндө Бишкекте 23-майда, 4-5-октябрда жана 15-ноябрда өткөн иш-чаралардагы киргизилген сунуштардын негизинде резолюция кабыл алынды. Аялдардын өнүгүүсү жана алардын кесиптик жактан жогорулашы учун керектүү шарттарды түзүү — өлкөбүздүн негизги милдеттеринин бири.
“Аялдардын чечимдерди кабыл алууга катышуусу жана алардын лидерлиги коомдун адилеттүү жана тең укуктуу өнүгүүсүн камсыз кылуунун жана тездетүүнүн ажырагыс компоненттери болуп саналат”, - деди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева.
БУУнун Өнүктүрүү программасы Диалогдун туруктуу институционалдык өнүгүүсүнүн пайдубалын түзүү боюнча өлкөнүн демилгесин жогору баалайт. Бул аймакта тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоо жана аялдардын укуктарын ишке ашыруу максатындагы Диалогдун үзгүлтүксүздүгүн жана туруктуу колдоосун камсыз кылат. Диалог бүтүндөй аймактын социалдык-экономикалык жана аймактык өнүгүүсүнө салымын кошкон ишкер, окумуштуу жана инноватор айымдардын башын бириктирди”, - деди БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева.
Жолугушууда ошондой эле Диалог 2025ке төрагалык Кыргыз Республикасынан Тажикстан Республикасына өткөнү белгиленип, ыйгарым укуктар салтанаттуу түрдө тапшырылды.
“Мүмкүнчүлүктөрдүн чегин кеңейтүү, таланттарды колдоо жана өнүктүрүү, шыктандыруу жана билим берүү үчүн биригүүбүз зарыл. Биз ушундай жол менен гана ар бир аял өз өлкөсүнүн инновацияларына жана гүлдөп-өнүгүшүнө салым кошуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло турган келечекти түзө алабыз”, - деди Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Аялдар жана үй-бүлө иштери боюнча Комитеттин төрайымы.
Борбордук Азия форумунун жыйынтыктоолору Кыргыз Республикасынын төрагалыгы учурундагы жолугушуулардын жыйынтыктарын кароого багытталган. Лидер аялдардын бул жыйынтыктоолор жүрүшүндө 23-майда, 4-5-октябрда жана 15-ноябрда Бишкекте өткөн иш-чаралардын сунуштарынын негизинде резолюция кабыл алынды. Жолугушууда ошондой эле Диалог 2025ке төрагалыкты Кыргыз Республикасынан Тажикстан Республикасына өтүшүнө арналган салтанаттуу тапшыруу аземи болду.
Борбор Азия өлкөлөрүнүн аялдар диалогу жөнүндө: 2020-жылдын декабрында негизделген Диалог Борбордук Азиядагы аялдардын саясий, экономикалык жана социалдык ролун бекемдөөдө маанилүү роль ойногон. Өлкөдөн өлкөгө көчүп туруучу төрагалык санариптик трансформация, аймактык кызматташтык, экологиялык туруктуулук жана аялдардын лидерлиги сыяктуу тармактардагы прогресске салымын кошкон.
Байланыш үчүн:
Айнагүл Абдрахманова, БУУӨПтун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн коммуникация бөлүмүнүн башчысы
Электрондук почта: Ainagul.abdrakhmanova@undp.org